
2020-жылдын 25-декабрында, Жалал-Абад ш., Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, укук коргоо органдарынын, Акыйкатчы аппаратынын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда, социалдык жана башка колдоо көрсөтүүгө мекемеледин, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын, ошондой эле юристтер, үй-бүлөлүк зомбулук менен алектенген жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрүнө “Гендердик зомбулуктун курмандыктары үчүн мыйзамдуулукту жана сот адилеттигине көмөктөшүү” Долбоорунун бет ачары болуп өттү.
«Инновациялык чечим» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, катышуучуларга долбоордун максаттары, негизги иш-аракеттери жана күтүлүп жаткан натыйжалары жөнүндө маалымат беришти.
Иш-чарада гендердик зомбулук боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы байланышты түзүү, ошондой эле укук коргоо органдары, мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик жана өкмөттүк эмес уюмдар ортосундагы гендердик зомбулук фактыларына жооп кайтаруу боюнча өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү, ушул фактылардын негизинде жазанын сөзсүз болушун камсыз кылуу, ошондой эле жергиликтүү бийлик бул курч социалдык көйгөгө чечүүгө, жигердүү катышуусунун күчөтүү жөнүндө талкууланды.
Иш-чараны «Инновациялык Чечим» коомдук бирикмеси Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин Демократиялык комиссиясынын каржылык колдоосу менен уюштурду.
Күнү жана убактысы: 25-26-декабрь, саат 10:00
Өтчү жери: Жалал-Абад ш., «Бишкек» мейманканасынын жыйындар залы
Кошумча маалымат алуу үчүн Курманбек Турдалиевге кайрылыңыз:
0772575830, E-mail: office@in-sol.org